Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын апрель айына репертуары
- 3 месяца мурун
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын апрель айындагы репертуарын жарыялады. Бүгүн, 6-апрелден баштаган репертуары эске салабыз.
6-апрель, саат 18:30, Чоң залда, Изат Айдаркулованын «Аяр дүйнө-аманат» аттуу концерт-кечеси;
9-апрель, саат 18:30, Чоң залда, КР эл артисти Асель Турдалиеванын «Келиндер козголоңу» концерти;
10-11-апрель, саат 18:30, Чоң залда, Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин «Жаз жарманкеси» концерти;
12-апрель, саат 13:30, Чоң залда, кичи филармония концерти;
12-апрель, саат 18:30, Чоң залда, обончу-аткаруучу Качкын Абдыкадыровдун концерти;
13-апрель, саат 18:30, Чоң залда, Ырыскелди Сатыбалдиевдин «Кең дүйнө» концерти;
14-апрель, саат 10:00, Чоң залда, «Ала-Тоо жазы»;
14-апрель, саат 18:30, Кичи залда, улуттук филармониянын камералык хорунун 50 жылдык мааракесине арналган «Улут Уңгусу» концерти;
15-16-17-18-19-апрель, саат 18:30, Чоң залда, улуттук филармониянын «Раймалы менен Бегимай» этно-мюзикли;
20-апрель, саат 18:30, Чоң залда, классикалык музыка концерти;
22-апрель, саат 18:30, Чоң залда, Жаныбек Оңолбаевдин концерти;
23-24-апрель, саат 18:30, Чоң залда, улуттук филармониянын «Кошуналар» концерт-спектакли;
23-24-25-апрель, саат 10:00; 13:00, Чоң залда, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестрдин Жеңиштин 80 жылдыгына арналган, мектеп окуучулары үчүн концерти;
25-апрель, саат 18:30, Чоң залда, театр жана кино актеру Максим Авериндин чыгармачылык кечеси (Россия);
26-апрель, саат 10:00, Чоң залда, Бишкек Дельфий оюндарынын ачылыш аземи;
26-апрель, саат 18:30, Чоң залда, Төкмө акын Асылбек Маратовдун концерти;
28-апрель, саат 18:30, Чоң залда, Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин концерти. В. Вишневский (фортепиано).
Сүрөт: Интернет булактарынан