Филармониянын алдындагы фонтандарды демонтаждоо иштери башталды
- 5 месяцев мурун
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, демонтаждоо иштери аяктагандан кийин негизги этап — фонтан комплексин реконструкциялоо иштерин баштоо пландалууда.
Долбоорго ылайык, конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат, ошондой эле айланасындагы аймакка көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Аталган фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Учурдагы долбоордун алкагында объект толугу менен жаңыланып, бардык инженердик тармактар алмаштырылат.

Сүрөттөр: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




