Бишкекте классикалык музыка кечеси өтөт

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 26-майда,  саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Асанкан Жумахматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин классикалык музыка кечеси өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кеченин чакырылган солисти — Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын доценти, эл аралык сынактардын лауреаты Гүлнара Курамбаева (фортепиано, Казакстан).

Концертке Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахатбек Осмоналиев дирижёрлук кылат.

Музыкалык кечеде көрүүчүлөрдү Прокофьевдин драматизмге бай чыгармасы менен Чайковскийдин терең философиялык симфониясы күтөт.

Билеттер филармониянын кассасында жана kassir.kg сайтында сатылат.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты