Улуттук филармониянын жанындагы фонтан жаңыланды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын айланасында жайгашкан Жаштар аллеясы жана фонтан комплекстерин реконструкциялоо иштери жүрүүдө.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Филармониянын имаратынын алдындагы жаңыланган фонтандын техникалык ачылышына мэр Айбек Жунушалиев катышты. Фонтан комплексинде техникалык жабдуулар жаңыртылып, сууну тазалоонун заманбап системалары, ошондой эле жалбырактарды чогултуучу жабдуулар орнотулду.
Фонтан жаңы жасалгага жана заманбап техникалык жабдууларга ээ болду. Бул жерде «бийлеген» фонтан эффекттери менен коштолгон жарык-музыкалык система орнотулду. Ал ар түрдүү жарык жана музыкалык программаларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, филармониянын түндүк жана түштүк тарабында жайгашкан дагы эки фонтан комплексинде реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.
Долбоордун алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын фасады да жаңыланууда.
Фонтан комплекстерин реконструкциялоо жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда. Подряддык уюм — «Лидер Хаус» ЖЧКсы.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




