Токтогул районунда ири өлчөмдө баңгизатын жасап сатууга шектүүлөр кармалды
- 2 месяца мурун
- Видео
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Буракан айылында О.У.А. аттуу жаран кошунасынын үйүндө кол өнөрчүлүк шылтоосу менен гашиш жасоону уюштуруп, үй ээлеринин туруктуу жоктугунан пайдаланып, чогултулган марихуананы камдап, кийин сатуу үчүн ар кандай кошулмаларды колдонуу менен гашиш жасагандыгы аныкталган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, О.У.А. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган. Ошондой эле өзүнүн көмөкчү чарбасынын кызматкерлерин жапайы өскөн кара куурай чогултууга жана гашиш жасоого мажбурлаган.
12-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда жалпы салмагы 35 кг болгон баңги каражаттарынын ири партиясы (гашиш жана марихуана), ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн жабдуулар табылган.
О.У.А. жана аталган аймактын Э.Р.А. , Д.Н.Н. аттуу эки тургуну КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.



Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы