Токтогул районунан Бишкекке баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды  

  • 3 недели мурун

Токтогул районунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып бараткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.  

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 2026-жылдын март айында Токтогул районунан Бишкек шаарына баңгизат жеткирүү менен алектенген 1983-жылы туулган Ж.З.И., 1981-жылы туулган М.М.Б. жана 1983-жылы туулган И.А.К. аттуу жарандар кармалган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты