Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси кармалды

  • 2 года мурун

Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын май айында аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда «Н.Т.О.»аттуу жаран жеңүүчү деп табылган.

Маалыматка ылайык, борбордун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчет берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» каражатын талап кыла баштаган.

Кэчээ, 9-августта, башкы бухгалтер А.М.Ю. кармалып,  кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышка шектүү катары  кармалды.

 Ал  КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты