Дайырбек Орунбеков “Ош-сити” долбоору боюнча иштер өз мөөнөтүндө бүтөөрүн айтты  

  • 10 месяцев мурун

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин Бизнес Хаус kg компаниясы ишке ашырып жаткан “Ош сити” долбоору боюнча сынына жооп берип, иштер белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөрүн билдирди.    

-Ош шаарында «Бизнес Хаус КГ» компаниясы ишке ашырып жаткан «Ош сити» долбоору боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин. Акыркы күндөрү бул долбоордун тегерегинде ар түрдүү талкуулар, түшүнбөстүктөр жана талаш-тартыштар пайда болду. Натыйжада, батир сатып алууга кызыкдар болгон кардарлар арасында да шектенүүлөр жаралды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Ош сити» курулуш долбоорунун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иликтөө жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери өз нугунда жана план боюнча жүрүп жатканы аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин 1435 батир жана коммерциялык жайлар сатылып, андан 13,2 млн доллар каражат түшкөн. Компания долбоорго өз каражатынын эсебинен 57,8 млн доллардан ашык инвестиция жумшаган,-деп айтылат маалыматта.

Компания социалдык объектилерди куруп, аларды мамлекетке өткөрүп берүү милдеттендирилгени да белгиленди.

-2025–2030-жылдары 1000 батир мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, 350 орундуу төрөт үйү, 2000 орундуу мечит, 16,5 чакырым жол, 4,6 гектарга парк, 700 орундуу мектеп курушат. Жаңы-Барак айылында көп кабаттуу турак үй түшөт, шаардагы мектептердин терезелерин жаңылоо, спорт аянтчалары, туннель, тротуарлар жана башка жумуштар аткарылат. Мындан тышкары, мамлекетке 27 даана атайын техника тапшырылат. Бул иштердин жалпы наркы 283 101 926 (283 миллион 101 миң 926) долларды түзөт. Ошондуктан, урматтуу кардарлар, эч кандай кооптонуунун зарылчылыгы жок. «Ош сити» долбоорундагы иштер белгиленген графикке ылайык ийгиликтүү уланууда,-деди Дайырбек Орунбеков.

Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбекке кечээ, 16-сентябрда, президент Садыр Жапаров катуу сөгүш берген.

Катуу сөгүш берилгендигинин себеби “этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн” деп айтылат тескемеде.

Ал эми Жеңишбек Токторбаев 13-сентябрда «Ош-Сити» шаарчасынын курулушу жай жүрүп жатканын сынга алгандыгы үчүн сөгүш берилгени коомчулукта айтылууда.

Сүрөт: Ош мэри Жеңишбек Токторбаевдин «Ош сити» долбоорунун иши менен таанышуу учуру. Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты