Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын  башкы врачынын милдетин аткаруудан бошотулду

  • 7 месяцев мурун

Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы врачынын милдетин аткаруудан бошотулду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук госпиталдын башкы врачынын милдети Улукбек Кулукеевге жүктөлдү. Ал башкы врачтын орун басары кызматын аркалап келген.

22-сентябрда аталган саламаттык сактоо мекемесинин башкы врачы Бакыт Төлөгөнов кызматынан бошотулган.  

Улуттук госпиталдын башкы врачы Токтобай Маанаев коррупцияга шектелип кармалганы маалымдалган. Госпиталда башкы врач коррупциялык схема уюштурганы айтылган. Улуттук госпиталдын медициналык кызматкерлеринен акча жыйноонун 20дан ашык фактысы аныкталган. Жетекчи өзү иш жүзүндө дарылап иштеп жаткан врач болбогондуктан, бөлүм башчыларга, врачтарга адам чыдагыс шарттарды коюп, кардарлардан акча доолатып алып, аны башкы врачка берүүгө мажбурлаган. Бир ирет боло калчу акча чогултуулар да кездешкен.

Аудитордук текшерүүдө 2022-жылдагы тендердик жыйынтык боюнча бюджетке 36 млн 205 791 сом зыян келтирилгени аныкталган. Ошондой эле дары-дармек сатып алуунун шартын бузуу менен бюджетке 11 млн 723 миң сом зыян болгон.

Андан кийин Токтобай Маанаев бул кызматтан бошотулган. Ал 23-сентябрда Маанаев Улуттук госпиталдын башкы врачынын милдетин аткаруучу болуп кайра дайындалгандан кийин, ага карата кылмыш иши жабыла электигине байланыштуу кызматтан алынганы маалым болду.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты