Токмоктогу шаардык салык кызматынын кызматкерлери кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы Н.М.М., киреше боюнча бөлүм башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.З. жана жеке ишкер М.Р.С. кармалды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалматта “Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызматкерлери жеке ишкер Х.А.Х.нын тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миц сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда чындыгында аталган бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн” деп айтылат.
3-мартта аталган адамдар жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАКнын №1 тергөө камак жайына киргизилген. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы