Токмоктогу лицей бүтүрүүчүсү Эмилбек Бакиров АКШ, Катар жана Канада университеттерине кабыл алынды
- 4 недели мурун
Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин бүтүрүүчүсү Эмилбек Бакиров АКШ, Катар жана Канаданын алдыңкы университеттерине жалпы суммасы 476 000 АКШ долларын түзгөн толук каржылоо (учуу жана жашоо чыгымдарын кошкондо) менен кабыл алынды.
Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги сайтында маалымдады.
Анда айтылгандай, Carnegie Mellon University Qatar — АКШнын эң мыкты изилдөө университеттеринин бири болгон, дүйнөгө таанымал Carnegie Mellon Universityнин эл аралык кампусу. Университет компьютердик технологиялар жана бизнес тармагындагы жетишкендиктери менен белгилүү. Анын бүтүрүүчүлөрү дүйнөлүк ири компанияларда жогорку кызматтарды ээлеп келишет.
Сүрөт: edu.gov.kg
Муну бөлүшүү