Токмоктогу “Ай Кью” окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат бериле турган болду

  • 9 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү жана илим министрлигине Токмок шаарындагы “Ай Кью” окуу-тарбия  комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө орто билими тууралуу аттестат берүү боюнча чара көрүү чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу МинКаб. басма сөз кызматы 1-августта билдирди.

Ошондой эле бул абалга жеткиргендерге чара көрүүнү тиешелүү кызмат адамдарына жана укук коргоо органдарына тапшырды.       

Буга чейин аталган окуу-тарбия комплексин бүтүргөн 84 окуучу орто билими тууралуу аттестат ала албай жатканы айтылган жана  ата-энелер нааразылыгын айтып чыккан.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты