Токмоктогу №2 психо-неврологиялык мекемеге күн батареялары менен суу жылыткан система орнотулду

  • 10 месяцев мурун
Токмоктогу №2 психо-неврологиялык мекемеге күн батареялары менен суу жылыткан система орнотулду

Токмоктогу №2 психо-неврологиялык социалдык-станционардык мекемесинде күн батареялары аркылуу суу жылыткан системалар орнотулду.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министр Кудайберген Базарбаев Токмок шаарындагы психоневрологиялык социалдык-станционардык мекемесине күн энергиясы менен суу жылыткычтарды орнотуу долбоорунун ачылышына катышты.

Министрдин айтымында, бул интернаттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн күн энергиясын пайдалануу боюнча социалдык камсыздоо системасынын биринчи тажрыйбасы.

Долбоордун алкагында күн энергиясы менен суу жылытуучу 6 заманбап система орнотулду. Интернаттын 6 имаратына 750 жана 1000 литрлик алты резервуар аркылуу ысык суу менен камсыздалат.

250 орунга ылайыкташтырылган интернатта 18 жаштан жогорку психо-неврологиялык диагнозу бар кызмат алуучулар жашап келет.

Жакынкы убакка чейин ысык сууга болгон муктаждыкты үч «Аристон» камсыздап келген, бирок алардын көлөмү (ар бири 80 литрден) дайыма жетишсиз болуп келген, анын ичинде жабдуулардын эскиришине байланыштуу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты