Токмокто каналга түшүп кеткен баланын сөөгүн таап беришти
- 1 год мурун
13-майда Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) бөлүмүнө “Дача-1” айылында 7 жашар бала 12-майда саат 18:00 чамасында көчөдө ойноп жүргөн жеринен дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган. Аны издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн милиция кызматкерлери ӨКМ бөлүмүнө кайрылган.
Каналга түшүп кетиши мүмкүн деген божомол менен издөө иштерине 30 киши тартылган. Ал күнү издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес.
14-майда издөө иш улантылган. Изделип жаткан баланын сөөгү саат 8:30дар чамасында Бишкек- Нарын- Торугарт автоунаасынын 55-чакырымында Чүй суусунда Дунларов көпүрөсүнө жакын аймактан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бул тууралуу ӨКМ басма чөз кызматы маалымдады.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү