Токмокто аялга ыдык көрсөткөн кишинин өлүмү. Окуянын чоо-жайы (Видео)

Токмокто аялга ыдык көрсөткөн кишинин өлүмү. Окуянын чоо-жайы (Видео)

Кырсык кечээ, 1-июлда, Токмок шаарынын аймагында болгон.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Эртең менен 33 жаштагы аял жумушуна жетип алуу үчүн аялдамадан жолдогу унаалардын бирине отурган. Бир аз жүргөн соң айдоочу ага ыдык көрсөтө баштаган. Аял андан качып чыгып, агасына чалып окуяны айтып бергенге үлгүргөн. Андан соң жолдо бараткан башка унаага отуруп кеткен. Бирок айдоочу артынан кубалап жетип, аны ур-токмокко алып, чачынан сүйрөп сыртка алып чыгууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып, карындашын кордоп жаткан кишиге газ-травматикалык тапанчадан ок чыгарган. Айдоочу алган жаратынан «Тез жардам» келгиче каза болгон» деп айтылат маалыматта. 

Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча каттоого алынып, карындашын коргогон 36 жаштагы киши Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

1-июлда саат 8:30да Чүй облусунун нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Торугарт жолунун 69-чакырымында ок атуучу куралдан адам жарадар болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.  

Чүй ИИБ кызматкерлери келгенде 1975-жылы туулган И. Р.. сөөгү табылган.  Ал атылган октон каза тапкандыгы маалым болгон.

Алгачкы маалымат боюнча, 1989-жылы туулган Ж.А. Токмок шаарына жакын жерден жол тосуп машинага отурган.  Жолдон айдоочу бурулуп, кызга ыдык көрсөтө баштаган. Кыз машинадан түшүп, бир тууган агасына телефон чалууга үлгүргөн. Андан кийин ал кыз жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө токтогон башка машинага түшкөн. И.Р. артынан кууп барып кызды сабап, чачынан сүйрөп, машинадан чыгарууга аракеттенген. Ошол учурда келип калган анын агасы Ж.А. окуяны көрүп, карындашын кордоп жаткан адамды травматикалык тапанча менен аткан. Бул окуя боюнча 1986-жылы туулган Д.З. кармалган. Окуя кылмыш-жаза кодексинин 122- беренеси, киши өлтүрүү боюнча катталган.   

Ыдык көрүп, басмырланууга кабылган кыз коомчулукка кайрылды.

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты