Токмок шаарынын экс-мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылды

  • 1 месяц мурун

6-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевди 13 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ошондой эле үй-мүлкү конфискациялоого алынат.

Максат Нусувалиев кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү боюнча коррупцияга күнөөлү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылды. Ал эми Токмок шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у. А., мэриянын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы И.Г.Ж. , “Ал-Кадыр Сантехсервис” подярдчы уюмунун К.Т.Э. 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми техникалык көзөмөл адиси А.А.Ж. 11жылга кесилди.

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев, (жыйынан кийин жумуштан алынган-ред.) муниципалдык менчик боюнча башкармалык башчысы жана эс алуу багын курууга жооптуу “Ал-Кадыр Сантехсервис” компаниясынын аткаруучу директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камаккка алынганын УКМК басма сөз кызматы билдирген.  

Маалыматта айтылгандай, 24-июнда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаардык мэриясында Чүй облусуна караштуу жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Алгач, төрага нааразычылыкты жараткан сейил бактын курулушу боюнча маселе көтөрдү. Анда эс алуу жайына тендердин негизинде 44 млн каралып, бакты куруучу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсына 42 миллион сому өткөрүлүп берилгени айтылган.

25-июнда Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Алтынбек Эргешов дайындалды.

Сүрөттө: Максат Нусувалиев. Интернет булактарынан

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты