Токмокто катуу шамал мектептин чатырын учурду   

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-ноябрда, болжол менен саат 11:51 чамасында Токмок шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталып, Чүй көчөсүндө жайгашкан мектептин чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Токмок шаарынан төрт куткаруучу тартылган.

Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 24-ноябрь күнү саат 13:10го карата Токмок шаарында чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 24 м/с чейин жеткен шамал катталган.

Буга байланыштуу ӨКМ эскертет:

 — Унааңызды бак-дарактын, жарнамалык такталарынын, имараттын жанына токтотпоңуз;

— үйдүн терезелерин жабыңыз;

— элект чубалгыларынан жанына барбаңыз;

— көз айнек тагыныңыз.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты