Токмок шаарында ишкерлерден акча өндүрүү боюнча коррупциялык схема ачыкталды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалоо боюнча мыйзамсыз схема аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган жеке жактоочу Ц.Д.В. белгисиз адамдардын жардамы менен Токмок шаарында ар кандай имараттарды жана объектилерди куруп жаткан ишкерлерге кысым көрсөтүп келгендиг айтылат.

Тактап айтканда, ишкерлерге Ички иштер министрлиги, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштуруулар менен коркутуп, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылары эскертилген.

15-май күнү кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылынган 15 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Ц.Д.В. кармалды.

 Ц.Д.В. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты