Токмок базарында иштегендер ККМга каршы нааразылык акциясына чыгышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 24-январда, Министрлер кабинетинин имаратынын жанында Токмок шаарынын соодагерлери кассалык-көзөмөл машинасынын (ККМ)  коюлушуна нааразылык акциясына чыгышты.

Алар соода учурунда ККМди сөзсүз пайдалануу талабын алып салуу керектигин билдиришти.

Митингдин катышуучусунун биринин айтымында, учурда Токмок шаарынын базары иштебей турат, себеби соодагерлер каршылык акциясына катышууда.     

 Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке кирди. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү чечими кабыл алынган.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы өлкө ири базарлардын соодагерлери, ишкерлер каршылык акцияларын өткөргөн. Кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы «Дордой», «Дордой Моторс», «Таатан» базарларындагы соодагерлер митинг өткөрүшкөн.

Жаңы салык кодекси тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Жанабил Давлетбаевден сереп бул ишлтемеде.

Сүрөт: 24kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты