Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы митинг өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл кассалык аппаратты киргизүүгө каршы митинг өтүүдө.

Митингге келгендер өкмөттөн кассалык аппарат колдонууну милдеттендирген Салык кодексинин жаңы редакциясын чакыртып алып, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна коюуну талап кылышууда. Митингде сөз сүйлөгөн активист Атай Бейшенбек уулу бул талапты аткаруу үчүн өкмөткө 29-декабрга чейин убакыт берилерин, эгер ал аткарылбаса ишкерлер мөөнөтсүз акция баштарын айтты.

Акциянын жыйынтыгында митингдин катышуучулары өз талаптары камтылган кайрылууга кол коюп, өкмөткө жолдоду.

Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика министри Данияр Амангелдиев жолугуп, Салык кодексинин жаңы редакциясы тууралуу түшүндүрдү.

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү чечими кабыл алынган. Министрлер кабинети мунун эсебинен бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын айтууда.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы «Дордой», «Дордой Моторс», «Таатан» базарларындагы соодагерлер митинг өткөрүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты