Токаев күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн билдирди

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламент жыйынында элге кайрылуу жасап, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн билдирди.

«Адилеттүү Казакстанды куруу жолунда негизги жана комплекстүү реформаларды ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты зарыл. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын мөөнөтүн азайтып, кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын» деди президент.

Токаев президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жети жылга узартууну жана кайра шайлануу укугун алып салууну «сунуштай турганын» кошумчалады. «Мен сунуштап жаткан конституциялык новелла бийликтин монополдошуу тобокелдиктерин кыйла азайтат»деди Токаев.

Казакстандын азыркы мыйзамдарына ылайык, өлкө президенти беш жылдык мөөнөткө шайланып, катары менен экиден ашык жолу бул кызматта иштей албайт. Азыркы президенттин ыйгарым укуктары 2024-жылы аяктайт. Буга чейин ал эки мөөнөт иштөөнү пландап жатканын айткан.

Токаев президенттик кызматка 2019-жылы мартта Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин келип, ошол эле жылы июнда өткөн шайлоодо жеңүүчү болгон. Расмий маалыматтар боюнча ал шайлоочулардын 70% добушун алган. Шайлоо өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялар менен коштолуп, көп киши кармалган.

Оппозиция өкүлдөрү менен көз карандысыз байкоочулар шайлоо таза өтпөгөнүн, бюллетендерди топ-тобу менен таштоо жана добуш уурдоо учурлары болгонун айтып чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты