Тогуз жаштагы кызды зордуктоого шектелген өспүрүм кармалды

  • 1 год мурун

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. аттуу шаар тургуну кайрылганы айтылат. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.

Арыз боюнча кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жаштагы А.О. аттуу өспүрүм  кармалганаы жана тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Буга чейин Өзгөндө 9 жашар кыз зордукталганы тууралуу маалымат жарыя болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты