Тогуз-Тородо мектептен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккан өрт саат 22:28де толугу менен өчүрүлдү.

Мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды.

Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп жана парта, ж.б. эмеректери чыгарылып, учурда материалдык чыгым такталууда. Жабыркагандар жок.

Бүгүн, 15-декабрда, №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп,  саат 18:46да бир бөлүм, 19:55те 2-бөлүм тартылган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты