Тогуз-Торо районунун тургуну ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды (Видео)   

 

Ички иштер министрлигинин баңгизаты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын   Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын  кызматкерлери тарабынан 22-август күнү “А” аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун аймагында баңгизаттарды  сатуу, сактоо менен алектенип жүргөндүгү жөнүндө   ыкчам маалымат алынган.
Аталган маалымат боюнча  ыкчам иш-чара уюштурулуп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
26-август күнү кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылынын тургуну 1974-жылы туулган А.К. кармалып, андан 13 кг жакын гашиш баңгизат каражаты алынган.
Мындан аркы атайын тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда  анын  өзү жашаган үйүнөн болжолу менен 15 кг түзгөн марихуана баңгизат каражаты табылып алынган.
Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган
бангизаттар жалпы салмагы 13 кг. 16гр. түзгөн гашиш жана 15кг. 13 гр. марихуана баңгизат

каражаты болгон. Кармалган жаран Тогуз-Торо РИИБнин убактылуу ккармоо жайына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча
иш-чара жүргүзулүүдө.

Бул тууралуу яички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты