Тоң районундагы 2,3 га жер тилкеси бар «Бар-Булак» пансионаты мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма өз кызматы билдиргендей, 2005-жылдын 29-мартында Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан социалдык фонддун Тоң бөлүмүнө болгон карызын төлөө үчүн Ак-Терек айыл өкмөтүнүн балансында турбаган «Бар-Булак» пансионаты мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

“Ага карабастан 2006-жылдын 20-декабрында сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде Б.Ж. аттуу жаран бул пансионатты Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнөн  2 542 740 сомго сатып алат. Бул бүтүм мамлекеттик каттоодон өтүп, Б.Ж. жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган. Бирок 2007-жылы Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун чечими боюнча, Ак-Терек айыл өкмөтү менен Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнүн ортосундагы бүтүм жараксыз деп табылган. Буга байланыштуу Б.Ж.га 2 542 740 сом өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылган, ал эми жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тиешелүү түрдө жокко чыгарылган эмес” деп айтылат маалыматта.

Б.Ж. 2006-жылдан тартып бул пансионатты мыйзамсыз пайдаланган жана бул мүлктү легалдаштыруу максатында документтерди жасалмалап, 2016-жылы кредит алган жана пансионатты «Айыл Банк»ААКсына салган.

Мындан улам, Б.Ж. документтерди жасалмалоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча шектелип, тергөө органдары тарабынан кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Ж. күнөөсүн мойнуна алып, «Бар-Булак» пансионатын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берген.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча адистер тарабынан баалоо экспертизасы жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты