Өткөн жылы жеңил өнөр жайдын өндүрүш көлөмү 25 миллиард сомго жетти
- 2 месяца мурун
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жеңил өнөр жайдын өндүрүш көлөмү 25 миллиард сомго, ал эми экспорту 163,5 миллион АКШ долларына жеткен.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда билдирди.
2024–2025-жылдары «100 өнөр жай ишканасы»долбоорунун алкагында 23 жеңил өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилди. 3971 жаңы жумуш орду түзүлдү. Жалпы инвестициялардын көлөмү 6,7 миллиард сомго жетти.
-Электрондук коммерцияны өздөштүрүүдөгү издердин жетишкендиктерди өзгөчө белгилеп кетким келет. Сиздер заманбап санариптик платформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, эл аралык рынокко чыгып, сатуу географиясын кеңейтип, ата мекендик бренддердин дүйнөлүк рыноктогу позициясын бекемдеп жатасыздар,-деди МинКаб төрагасы.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




