Өткөн жылы өлкөдө 3000ден ашуун өрт кырсыгы катталды
- 1 неделя мурун
Өткөн жылы республика боюнча жалпысынан 3148 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 883 млн 259 миң 866 сомду түздү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Тилсиз жоонун кесепетинен 47 киши каза болду, алардын жетөө — жаш балдар. Жабыркаган адамдардын саны 27ни түзсө, алардын бири жаш бала болгон.
Ал эми 2023-жылдын 12 айында өлкө боюнча 3498 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң 891 сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 35 факты катталган, анын алтоо балдар, жабыркагандардын саны — 31, бешөө — жаш бала.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү