Тюбинг тебүү жайларында кырсыктын алдын алуу чаралары жүргүзүлдү
- 1 месяц мурун
Кышкы тюбинг тебүү (үйлөмө желим чаналарда-ред.) жайларында кырсыктардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан кышкы эс алуу үчүн тюбинг тебүү жайларында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Инспекторлор тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоо, коргоочу каражаттарды колдонуу, ошондой эле уюштуруучулардын жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындан тышкары, техникалык талаптардын аткарылышы жана коопсуз шарттардын түзүлүшү боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.
Сүрөт: mnr.gov.kg
Муну бөлүшүү




