Тимурлан Ажымалиев  маданият министринин орун басары болуп дайындалды

  • 6 месяцев мурун

Тимурлан Ажымалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.  

Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Тимурлан Ажымалиев тууралуу дээрлик маалымат жокко эсе. Ал президенттик администрациянын мамлекет башчынын жана өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотулду.

Буга чейинки маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев “башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан алынган.

Сүрөт: Министрликтин ФБ баракчасынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты