Маалыматка жеткиликтүүлүктүн эл аралык күнү: Бул күн эмне себептен кыргызстандыктар үчүн маанилүү?

  • 7 месяцев мурун

28-сентябрда 2015-жылы ЮНЕСКО тарабынан негизделген маалыматка жалпы жеткиликтүүлүктүн эл аралык күнү белгиленет.

Бул тууралуу «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бул күн бизге ар бир адамдын өз пикирин билдирүүсүндө маалымат издөөгө, аны алууга жана аны менен алмашууга болгон ажыратылгыс укугу туурасында кабар берет.

«Сорос-Кыргызстан» фонду бул жылы 30 жылдык ишмердүүлүгүн белгилеп, маалыматтын айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн колдой тургандыгын дагы бир ирет баса көрсөтүп кеткиси келет. Фонд Кыргызстан элине окуу материалдардан тартып, аналитикалык изилдөөлөргө чейинки түрдүү маалымат жеткиликтүү болгон шарт түзүүгө багытталган демилгелерди колдойт. Журналистика жанрын, анын ичинде иликтөөчү журналистиканы,факт-чекингди, ошондой эле заманбап медианы жана ЖМКлардын башка формаларын өнүктүрүү сыяктуу Фонд тарабынан колдоого алынган демилгелер кыргызстандыктарды ишенимдүү жана текшерилген маалымат менен камсыздоого жол берет.

Коом маалыматты натыйжалуу пайдалануусу үчүн тиешелүү билим жана көндүмдөр керек.

Бул маселе санарип технологияларына өтүүдө жана социалдык тармактардын өнүгүүсүндө өзгөчө орчундуу болуп келет. Маалымат алуу – бул биринчи кадам гана. Ал маалымат чындыгында пайда алып келүүсү үчүн аны талдап, чечмелөө жөндөмдөрү керектелмекчи.

Коомду кызыктырган маселелер боюнча маалымат менен камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттары маанилүү роль ойнойт, бирок бул маалыматты издөө жана аны алуу жөндөмдөрүнөн да көз каранды. Ошентип, маалыматка жалпы жеткиликтүүлүк укугу мындан тышкары басма сөз эркиндигинен да көз каранды.

Кыргызстанда бир катар көз карандысыз ЖМКлар бар, алардын башкы миссиясы – кыргызстандыктардын ишенимдүү жана текшерилген маалымат алуусунда аларды тандоо укугу менен камсыздоо. Көз карандысыз ЖМКлар, активдүү жарандар жана сөз эркиндиги дайыма Кыргыз Республикасынын өзгөчө артыкчылыгы болуп, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүндө сүрөп турган нерсе.

Бул күнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун командасы, учурдап пайдаланып, жалпы кыргызстандыктарды куттуктап, элибиздин жаркын жана эркин келечегине ишеним артат.

Сүрөт: «Сорос-Кыргызстан» фонду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты