ТИМ: Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Мекенге кайтаруунун төртүнчү этабы аяктады

  • 2 месяца мурун

14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катар мамлекетинен төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны мекенине аман-эсен кайтарылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен дагы 24 жаран Стамбул аркылуу каттам менен мекенине кайтып келишти.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө кырдаалдын курчушуна байланыштуу, ал жактарда болжол менен 22 миңдей Кыргыз Республикасынын жараны жүргөн.

Министрлик тарабынан атайын эвакуациялык 5 авиакаттам уюштурулуп, алардын жардамы менен Эр-Рияд жана Дубай шаарларынан, ошондой эле Катар, Кувейт жана Бахрейн мамлекеттеринен Кыргызстандын 592 жараны кайтарылды.

Тышкы иштер министрлиги эвакуациялык иш-чараларды уюштурууда көрсөтүлгөн көмөгү жана колдоосу үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын, Сауд Арабия падышалыгынын, Оман султанатынын, Кувейт мамлекетинин, Бахрейн падышалыгынын жана Катар мамлекетинин компетенттүү органдарына ыраазычылык билдирет.

Атайын эвакуациялык авиарейстерден тышкары, жарандардын кыйла бөлүгү мекенине кадимки авиакаттамдар аркылуу өз алдынча кайтуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышты. Бүгүнкү күнгө карата Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты.

Ушуга байланыштуу Министрлик Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарды мүмкүн болушунча жакынкы убакытта жеткиликтүү каттамдар аркылуу мекенине кайтуу маселесин карап чыгууга, ошондой эле кырдаал толук турукташканга чейин бул багыттагы сапарлардан карманууга чакырат.

ТИМ мекендештерге маалымдайт: Мекенге учуп келүү үчүн негизги транзиттик пункттар болуп Эр-Рияд жана Жидда шаарлары эсептелет. Жарандар Перс булуңундагы коңшу мамлекеттерден Сауд Арабиясына авто  транспорт же аймактык авиакаттамдар аркылуу келип, андан ары Бишкек шаарына уча алышат. Каттамдарды Flydubai, Pegasus Airlines, Flynas жана Turkish Airlines сыяктуу авиакомпаниялар аткарып, башка өлкөлөрдүн эл аралык аэропорттору аркылуу транзит менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты