ТИМ: Украинанын Кыргызстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат

  • 2 года мурун

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов билдирди.

Анын айтымында, 3-мартта тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Украинанын элчиси Валерий Жовтенко менен жолугуп, Украинадагы азыркы кырдаал талкууланган.

Кыргызстан мындан ары курмандыктарга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн аскердик жаңжалды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана нормаларынын алкагында токтотууну жактарын билдирген.

Чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттарын айткан.

Сүйөркулов Кыргызстандын Украинадагы элчилиги ал өлкөдөгү кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча бардык тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын кабарлаган.

1-мартта Украина Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакыртып алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский буга «Кыргызстан Орусиянын Украинадагы агрессиясын актаганы себеп болгонун» билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу деп комментарий берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты