ТИМ Россия жарандыгынан ажыратылган жана депортацияланган кыргызстандык тууралуу билдирүү жасады

  • 1 год мурун

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жалпыга маалымдоо каражаттарында Н. К. аттуу Кыргызстанда туулган Россиянын теги кыргызстандык жаранынын жарандыгынан ажыратылуусу жана Россиядан депортациялануусу боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу билдирүү жасады.

ТИМ билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Н.К. 2020-жылы Россия Федерациясынын жарандыгын алып, Петропавловск-Камчатский шаарындагы “Мекендештер” аттуу кыргыздардын улуттук-маданий автономиясынын жетекчиси болуп иштеп келген. 2025-жылдын апрель айында Камчатка крайынын укук коргоо органдары тарабынан Н.К. карата Россия жарандыгын жокко чыгаруу, өлкөгө кирүүгө тыюу салуу жана РФ жаранынын паспортун алып коюу боюнча чечимдер кабыл алынган. Н.К. бул чечимдерге макул болбой, 2025-жылдын 30-апрелинде аларды мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылган.Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша акыркы чечим кабыл алынат” деп билдирди ТИМ басма өз кызматы билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Н. К. аттуу Кыргызстанда туулган Россиянын теги кыргызстандык жаранынын жарандыгынан ажыратылуусу жана Россиядан депортациялануусу боюнча маалыматтар жарык көргөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты