“ММ Стиль” компаниясы Бишкек мэриясынын кара тизмесине киргизилди
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэриясы «ММ Стиль» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын ишенимсиз жеткирүүчүлөрүнүн реестрине киргизилгенин маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь району боюнча муниципалдык администрациясы менен «ММ Стиль» ЖЧКсынын ортосунда 8, 9, 10-кичирайондордо жана «Тунгуч» кичи районунда ирригациялык тармакты куруу боюнча иштерди аткарууга келишимдер түзүлгөн. Келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин белгиленген.
“Аткарылган иштерди текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталган. Тактап айтканда, ирригациялык лотокторду орнотууда жана асбест түтүктөрүн төшөөдө талаптардын бузулганы, системанын айрым элементтеринин бузулушу, бетон конструкцияларында жаракалардын жана башка кемчиликтердин пайда болушу, эңкейиштердин талапка ылайык сакталбаганы, ага чектеш жол катмары түшүп калганы, конструкциялардын талаптагыдай бекемделбегени, ошондой эле сапаты талапка жооп бербеген асбест түтүктөрүнүн колдонулганы аныкталган” деп билдирди мэрия.
Берилген маалыматтарга ылайык, иштердин аткарылыш деңгээли 8-кичирайондо — 85%, 9-кичирайондо — 99%, 10-кичирайондо — 90% түзгөн.
Аныкталган кемчиликтерге карабастан, подрядчы аларды жоюу жана кепилдик милдеттенмелерин аткаруу боюнча коюлган талаптарды толук көлөмдө аткарган эмес.
Келишимдик милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу «ММ Стиль» ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынын ишенимсиз (абийирсиз) жеткирүүчүлөрүнүн (подрядчылардын) реестрине киргизилди.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




