ТИМ Москвада кырсыктан каза болгон кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз жаранынын тек-жайын атады.

Маалыматка ылайык, каза болгондор 20 жана 22 жаштагы кыргызстандыктар болгон. Алар 7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен. Бул окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барып, маркум жарандардын жакындары менен аныктап жатат.

Буга чейин бул кырсык боюнча Орусиядагы маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда Москвадагы суу топтолчу коллекторду 15 жумушчу тазалап жатканы, ошол учурда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адамды агызып кеткени айтылган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны экени аныкталган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты