ТИМ Литва менен Беларусь чек арасында жарандардын жана унаанын топтолушу боюнча маалымат берди
- 3 weeks мурун
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларусь чек арасында кыргыз жарандарынын жана алардын унааларынын топтолушу боюнча 7-сентябрда маалымат берди.
Учуржа Литва менен Беларустун чек арасында транспорт каражаттарынын кезеги байкалууда, анын себеби литвалык эки өткөрмө пункттун – «Шумское-Лоша» жана “Твярячюс-Видзы” пунктунун жабылышынан улам болууда.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал жактагы чек арада Кыргыз Республикасынын 80-90 жараны турат. Ал эми Беларусь тарабынан өткөрмө пункттарда эч кандай топтолуу же чектөө байкалган эмес. Жеңил машина жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн “Лаворишкес Литва – Котловка РБ”, “Мядининкай Литва – Каменный лог РБ”, “Шальчининкай Литва – Бенякони РБ”, “Райгардас Литва – Привалка РБ” өткөрмө пункттары иштеп жатат.
Литва тараптан өткөрмө-көзөмөл пункттарындагы чектөөлөр боюнча расмий маалымат күтүлүүдө. Мекендештерге жардам берүү үчүн тышкы иштер министрлиги Беларустагы Кыргызстандын элчилиги менен бирге чек арадагы кырдаалга байкоо салып тургандыгы айтылды.