ТИМ: Литва-Беларусь чек арасында Кыргызстандын жарандарынын саны азайгандыгы байкалууда

  • 10 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларустун чек арасында Литва-Беларусь чек арасында Кыргызстандын жарандарынын саны азайгандыгы байкалып жатканын билдирди.

Литва Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун маалыматы боюнча, азыркы учурда улуттук коопсуздукту күчөтүү максатындагы маселелерге байланыштуу чек арада убактылуу жүк ташуучу автоунааларды бардык тармактарга өтүүсү өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Ошол эле учурда, Литванын тиешелүү кызматтарынын маалыматына ылайык, азыркы учурда чек арадан жүк ташуучу автоунаалардын өткөрүлгөн саны жогорулаганы белгиленип, Каменный Лог-Медниникай пункту бүгүнкү күндө 20га жакын жүк ташуучу автоунааларды бир суткада өткөрүүдө.

Элчиликтин маалыматына карата, азыркы учурда Литва-Беларусь чек арасында Кыргызстандын жарандарынын саны азайгандыгы байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилиги тарабынан аталган жагдай көзөмөлгө алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларусь чек арасында кыргыз жарандарынын жана алардын унааларынын топтолушу боюнча 7-сентябрда маалымат берген.  

«Учурда Литва менен Беларустун чек арасында транспорт каражаттарынын кезеги байкалууда, анын себеби литвалык эки өткөрмө пункттун – «Шумское-Лоша» жана   “Твярячюс-Видзы” пунктунун жабылышынан улам болууда» деп билдирген жана кошумча маалмат берилери айтылган.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты