ТИМ Кыргызстандын жарандарын Иранга барбай турууну сунуштады

  • 4 недели мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  (ТИМ) Ирандын аймагында жүргөн, ошондой эле аталган өлкөгө барууну же андан чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына төмөндөгүнү маалымдайт.

Азыркы учурда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү Иранга/Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан, ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болууда. Эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу кургактык жолу менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Армения жана Түркиянын аймагына кирүү визасыз негизде жүзөгө ашырылат.

Түркмөнстандын аймагына кирүү үчүн, кирүү жана транзиттик виза алуу боюнча жардам алуу үчүн алдын ала Түркмөнстандагы элчиликке кайрылуу зарыл.

2026-жылдын 16-январына карата Ирандын Афганстан жана Ирак менен мамлекеттик чек араларындагы өткөрмө пункттар ачык. Аталган өлкөлөргө кирүү чечими кабыл алынган учурда тиешелүү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз берүү зарыл.

Ошол эле учурда Министрлик чыгуу үчүн альтернативдүү багытаттарды кароону сунуштайт.

Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен кургактык чек аралары учурда өтүүгө жабык.

Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Ирандагы элчиликке же Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаментине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүү сунушталат:

—    фамилиясы, аты, атасынын аты жана байланыш маалыматтары;
—    паспорттун биографиялык маалыматтар камтылган барагынын сүрөтү;
—    болжолдонгон мамлекеттик чек ара өтүү пункту.

Жакын арада Иранга барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөгө баруудан кармануу сунушталат.

Иранда 2025-жылдын 28-декабрынан бери толкундоолор болууда. Массалык нааразылыктар Чоң базардагы соодагерлерден башталып, өлкөдөгү инфляцияга, баалардын өсүшүнө нааразылык билдиришүүдө.  

Сүрөт: Reuters


Байланыш маалыматтары:
КР ТИМинин Консулдук департаменти (24 саат):+996 999 312 002, [email protected]
КРнын Ирандагы элчилиги:+98 21 2283 0354; +98 935 250 5229, [email protected]
КРнын Армениядагы ардактуу консулу:+374 91 919191
КРнын Түркиядагы элчилиги:+90 312 491 35 06; +90 545 689 68 00
КРнын Түркмөнстандагы элчилиги:+993 12 48 22 95; +993 12 48 22 96; +993 65 69 40 59
КРнын Афганистандагы элчилиги:+93 77 909 9326; +93 77 909 9326; +93 77 654 4504 (WhatsApp)
КРнын Азербайжандагы элчилиги:+994 993 312 312; +994 12 505 56 74; +994 55 75

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты