Иранда толкундоолор уланууда
- 4 недели мурун
Иранда 2025-жылдын 28-декабрында башталган толкундоолор, 2026-жылдын 11-январына карата, дагы эле уланууда. Массалык нааразылыктар Чоң базардагы соодагерлерден башталып, өлкөдөгү инфляцияга, баалардын өсүшүнө нааразылык билдиришүүдө.
Бозгунда жүргөн Иран активисттеринин Human Rights Activists News Agency (HRANA) басылмасынын билдирүүсүнө караганда, 10-январда Тегеран, Шираз жана Захедан шаарларында толкундоолор уланууда. Бери дегенде 185 шаар жана провинцияларда толкундоолор болууда.
NetBlocks маалыматы боюнча, өлкөдө Интернет байланышы өтө начар, кадимки деңгээлден 1% га чейин түштү. Интернет байланышы качан калыбына келээри белгисиз. Айрым маалыматтар Starlink спутник байланышы аркылуу жана Ирандын бозгундагы активисттери аркылуу алынууда.
HRANA активисттеринин маалыматы боюнча, толкундоолордун 14-күнүндө же 11-январга карата 116 адам каза болгону тастыкталды. 2638 адам кармалган. Акыркы маалыматтарда ушул эле уюм массалык нааразылык акцияларында 500дөй киши каза тапканын билдирди. Расмий Иран бийлиги каза тапкандардын саны тууралуу маалымат бере элек. Толкундоолордо каза тапкандардын так санын айтууга мүмкүнчүлүк болбой жатканы ЖМКда айтылууда.
Сүрөт: 9-январда тартылган. MAHSA / MEI / SIPA / Scanpix / LETA




