ТИМ кыргызстандыктын Россиядан депортацияланышы жөнүндө маалыматка жооп берди    

  • 2 месяца мурун

Тышкы иштер министрлиги Россиянын Президентине кайрылган кыргызстандыктын Орусиядан депортацияланышы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат боюнча билдирүү таратты.

“Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу Первоуральск шаардык соту тарабынан Россия Федерациясынын аймагынан мажбурлап депортациялоого өкүм чыгарылган А.Абдуллаев жөнүндө Первоуральск шаарынын компетенттүү органдарынан маалымат алган. Кыргызстандын жараны соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, жогорку инстанцияга кайрылган. Экинчи инстанциядагы сот ал эмгек келишимин узартпагандыгы жана белгиленген мөөнөттө манжа изин тапшырбаганы үчүн биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Башкы консулдук тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен Кыргызстандын жараны Екатеринбург шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга которулуп, аны менен жолугушуу өткөрүлдү жана юридикалык кеңештер берилди. Россиянын сотунун чечими күчүнө киргенден кийин А.Абдуллаев Кыргызстанга жөнөтүлөт” деп айтылат билдирүүдө. 

2024-жылдын 1-декабрынан тарта Орусияда чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар өлкөгө кирип-чыгуу үчүн биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу керек болгон эксперимент башталат.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын жарандары Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өтүп жатканда Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. 

Биометрикалык маалыматтарга бетти санарип сүрөткө тартуу жана манжалардын папиллярдык издерин сканерлөө кирет.

2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелерди камтыган федералдык мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эрежелерге ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагында уруксат берүүчү документтери жок бир календардык жылдын ичинде 90 суткадан ашык жүрө алышпайт. Бул мөөнөт Орусиянын мыйзамдарында каралган негиздер болгон учурда узартылышы мүмкүн экендиги айтылды.

«Муну менен катар, 2025-жылдын 5-февралынан баштап “Орусия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” федералдык мыйзамынын айрым жоболору күчүнө кирет. Анда Орусия мыйзамдуу болууга укугу жок чет өлкөлүк жарандарга карата “өлкөдөн чыгаруу режимин” киргизүү каралган. Ошондой эле көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин түзүү менен «көзөмөлдөнүүчү адам» түшүнүгү киргизилет» деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты