ТИМ: Ирандагы чабуулда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларына байланыштуу министрлик аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирди.

“Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларына байланыштуу Министрлик аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирет.Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен туруктуу байланышта. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен туруктуу байланышта.Муну менен катар Кыргыз Республикасынын жарандарын өздүк коопсуздуктун максималдуу чараларын камсыз кылууга чакырат” деп билдирди ТИМ.

Элчиликтин +982122830354 жана +989352505226, ошондой эле КР ТИМ консулдук департаментинин +996999312002 ыкчам байланыш телефону иштейт, Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрылышса болорун да эскертти.

Израил аскерлери ишемби күнү, 26-окятбрда Ирандын аскер базаларына ракета соккусун урган. Бул Ирандын Израилге бир жылдан бери урган соккусуна жообу болгондугу айтылды.

Кыргыз Республикасы Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырды.

Сүрөт: Reuters/Anadolu agency

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты