ТИМ: Иран-Израил чатагына Кыргыз Республикасы тынчсыздануусун билдирет

  • 1 год мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2024-жылдын 26-октябрындагы Израилдин Иранга ракеталык сокку уруусуна байланыштуу маалыматтык билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасы Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырат”.

Ошондой эле: “Кыргыз Республикасы дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аймактагы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт” деп айтылат ТИМ 26-октябрда тараткан билдирүүдө.

Израил аскерлери ишемби күнү, 26-окятбрда Ирандын аскер базаларына ракетадан сокку урган. Бул Ирандын Израилге бир жылдан бери урган соккусуна жообу болгондугу айтылды.

Сүрөт: Reuters/Anadolu agency

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты