ТИМ Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандарын коопсуздукту сактоого чакырды  

  • 4 недели мурун

Кыргыз Республикаынын тышкы иштер министрлиги Иранда жүргөн мекендештерди коопсуздук чаралаарын сактоого чакырды.

“Израил мамлекети менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат. Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат” деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн КР Ирандагы Элчилигинин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана КР ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Израил Ирандын ядролук объекттерине сокку урду. Ирандын жогорку аскер кызматкерлери каза тапканын Израилдин Коргоо аскери кабарлады.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты