ТИМ кыргызстандыктарды Мексикага барбай турууну эскертти
- 4 месяца мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандыктарды Мексикага барбай турууну эскертти.
“Мексиканын бир катар аймактарында баш аламандыктар орун алганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын кырдаал турукташканга чейин аталган аймактарга баруудан карманууга чакырат. Мексиканын аймагында жүргөн жарандарга коопсуздуктун күчөтүлгөн чараларын сактоо, адамдар көп чогулган жайлардан алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат” деп айтылат ТИМ маалыматында.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигине (Вашингтон шаары) төмөнкү байланыштар аркылуу: +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924, [email protected]. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине төмөнкү номер аркылуу кайрылсаңыздар болот: +996 999 312 00- деп билдирди ТИМ.
Мексикада Куралдуу күчтөрдүн атайын операциясынан кийин баңги картелдердин биринин лидери “Эль Менчо” деген каймана аттуу Немесио Осегера Сервантес өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 22-февралда Мексиканын өкмөтү билдирген.
“Эль Менчо” көптөгөн жылдар бою баңгикартелин жетектеген жана катаал кылмышкерлердин катарына кирген. The New York Times “Эль-Менчо” мамлекеттик коопсуздук күчтөрү менен салгылашуудан кайра тарткан эместигин жазган. Картель АКШга баңги заттарын ташыган.
NYT басылмасынын булактарынан айтымында, Немесиа Осегера Халиско штатынын Тапальпа шаарында, өзүнүн наркокартели бар жерде өлтүрүлгөн.
Осегера өлтүрүлгөндөн кийин Мексиканын беш штатында, анын ичинде Халискодо да, баш аламандык башталган. Халиско штатында өзгөчө абал киргизилген.
Сүрөт: Alejandra Leyva/AP Photo/picture alliance




