ТИМ: Чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине брифинг өткөрүлдү

  • 2 года мурун

17-сентябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнүндө брифинг өткөрдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.    

​Брифингдин жүрүшүндө катышуучуларга курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле брифингдин катышуучуларына Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо максатында Чек ара кызматы жана укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагынын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалымат берилди.

Буга байланыштуу тажик тараптын жетишилген макулдашууларды, анын ичинде ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча иш аракеттерди жүзөгө ашыра албай жаткандыгы белгиленди.

Өз кезегинде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга колдоо сөздөрүн билдиришти, жана ошондой эле азыркы аскер-саясий жана гуманитардык кырдаалга тынчсызданууларын билдиришти.

Кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдошту. Мындан тышкары, алар Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде КРдагы БУУнун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 122ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди. 

Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы –ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты