ТИМ: Беларус-орус чек арасынан өтүү тартиби боюнча макулдашуу күчүнө кирди
- 4 недели мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жарандарына Беларусь жана Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен жарандыгы жок адамдар үчүн беларус-орус чек арасын, анын ичинде кургактык аркылуу өтүү тартибин жөнгө салуучу тиешелүү макулдашуунун күчүнө киргендигин маалымдады.
ТИМ Кыргыз Республикасынын жарандары Беларустун же Россиянын аймагына кургактык аркылуу – эл аралык өткөрүү пункттары, темир жол аркылуу, ошондой эле макулдашууда көрсөтүлгөн автомобиль жолдору менен кире алышат.
Учурда макулдашуунун алкагында мындай алты багыт каралган:
Юховичи – Долосцы (Опочка – Новополоцк),
Езерище – Невель (Киев – Санкт-Петербург),
Лиозно – Кругловка (Витебск – Смоленск),
Редьки – Красная Горка (Минск – Москва),
Звенчатка – Дубовичка (Бобруйск – Москва),
Селище – Новозыбков (Гомель – Брянск).
Беларус-орус чек арасынын кургактык бөлүгүнө башка жолдор менен өтүүгө жол берилбейт жана андай учурлар мамлекеттик чек араны бузуу катары каралат.
Мындан сырткары, ТИМ Беларусь Республикасы өздүгүн тастыктоочу документ катары Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторун гана гана тааный турганын эсиңиздерге салат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан