ТИМ АКШда жүргөн жана барууга ниеттенген кыргызстандыктарды миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды

  • 1 месяц мурун

Тышкы иштер министрлиги  (ТИМ) Америка Кошмо Штаттарында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө барууну пландап жаткандар АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарылдыгына Кыргызстандын жарандарын чакырды.

ТИМ басма сөз кызматы мындай деп билдирет:

“Америка Кошмо Штаттарынын расмий маалыматына ылайык, АКШнын чек арасын мыйзамсыз  өтүү, өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу, жараксыз же жасалма документтерди колдонуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Алардын катарына кармоо жана камакка алуу, депортациялоо, өлкөгө кайра кирүүгө туруктуу тыюу салуу, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылуу кирет.
Кыргыз Республикасынын жарандары АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын автоматтык түрдө бузган болуп эсептелет. Мындай адамдар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалуусу, ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылуусу, узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу жана Америкага барууга тыюу салууга кабылуусу мүмкүн” деп айтылат маалыматта.

Жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында Америка Кошмо Штаттарында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына аталган өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу сунушталат. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандарга Мекенине кайтуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү тарабынан каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн.
Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн CBP Home тиркемеси аркылуу төмөнкү шилтеме менен кирип, каттоодон өтүү зарыл: www.dhs.gov/cbphome.
Эгерде Америка Кошмо Штаттарында жүрүүгө байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууну суранабыз:
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги
2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008
Электрондук дареги: [email protected]
Телефону: +1 202 256 2924; +1 202 449 9823; +1 202 449 9822.
Кыргыз Республикасынын Чикагодогу башкы консулдугу
100/1610 Норт Ла Салл көчөсү, Чикаго шаары, Иллинойс, 60602
Электрондук дареги: [email protected]
Телефону: +1 312 929 34 42; +1 312 994 24 16.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты