ТИМ: Абал турукташмайынча, Индия менен Пакистанга барбай турууну эскертти

  • 10 месяцев мурун

Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна жана ракета соккуларын кошо камтыган аскердик аракеттер тууралуу кабарларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге баруудан карманууну сунуштайт.

Пакистанда же Индияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.

Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген.

Өзгөчө кырдаал же шашылыш жагдайлар пайда болгон учурда, жарандар Кыргыз Республикасынын төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тез арада кайрылууга тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: (+91) 9599921779;
  • Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: +92 330 3717 771.

Индия 7-майга караган түнү Пакистанга чабуул койду. Пакистандын беш элдүү пункту чабуулга кабылды. Пакистан жооп катары Индияга сокку уруп, эки истребителди атып түшүрдү.

Индиянын соккусунан Пакистанда 7 киши каза тапканын BBC News билдирди.  Бул тууралуу Пакистандын коомчулук менен байланышуу боюнча ведомстволор аралык кызматынын башчысы генерал-лейтенант Ахмад Шариф кабарлаган.  

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты