Тик учактын кулашы: Жабыркагандардын саны он кишиге жетти. Бирөө каза тапты

  • 3 месяца мурун

Аскер тик учагынын кулашынын кесепетинен аскер кызматкери каза таап, жабыркагандардын саны он кишиге жетти.

Бул тууралуу коргоо министрлиги билдирди.

Тик учакта бардыгы болуп 11 адам болгон, бирөө каза таап, он адам жабыркады. Жабыркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, бирөөнүн абалы өтө оор.

Бул жагдайдын чоо- жайы иликтенип жаткат.  

Бүгүн, 17-январда, Бишкект Достук кичи районуна жакын жерде “Фрунзе-1” авиабазасында «Ми-8» аскердик тик учагы кулаганы маалымдалды. Маалыматта айтылгандай, окуу-машыгуу учурунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон.

Сүрөттө: Кулаган МИ-8 аскер тик учагы. Борт номери 203. Фото АКИ-пресс.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты