Бишкекте “Ми-8” аскердик тик учагы кулады

  • 4 месяца мурун

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын жерде “Фрунзе-1” авиабазасында «Ми-8» аскердик тик учагы кулады.

“17-январда окуу-машыгуу учурунда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө катуу конууга мажбур болгон. Жабыркагандар бар. Коргоо министрлигинин кызматкерлери бул окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет” деп айтылат Коргоо министрлигинин маалыматында.

Коргоо министрлиги жабыркагандар боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да жабыркагандар бар экенин бүгүн, 17-январда депутат Нилуфар Алимжанованын суроосуна жооп бергенде билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты